Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:51

Келдибековдун чет өлкөдөгү дарылануусу качан бүтөрү белгисиз


Бул тууралуу анын жактоочусу Татьяна Чильникина “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Акматбек Келдибеков чет өлкөлөрдүн биринде дарылануусун улантып жатат.

- Кайсы өлкө экени маанилүү эмес. Бирок дарылануусу бүтөрү менен Кыргызстанга келет жана соттук териштирүүлөр уланат.

Бүгүн Келдибековдун өлкөдөн чыгып кеткенине үч ай толду. Буга чейин Биринчи май райондук сотунун чечими менен ден соолугуна байланыштуу кылмыш иши убактылуу токтотулуп, чет өлкөдө дарыланууга уруксат берилген. Анын дарылануу мөөнөтү сот тарабынан чектелген эмес, ошол себептүү анын соттук териштирүүсү качан улантылары белгисиз бойдон калууда. Акматбек Келдибеков дарылануу үчүн 10-августта Малайзияга учуп кеткенин анын жактоочуларынын бири Азимбек Бекназаров билдирген болчу.

"Коррупция" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталган “Ата Журт” фракциясынын депутаты Келдибеков өткөн жылдын күзүнөн бери камакта болчу. Бул аралыкта ал буту жана колунан төрт жолу операция болгон. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG