Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:41

Багдаддагы жардыруудан кеминде 15 киши мерт кетти


Багдаддын борбордук бөлүгүндөгү жардыруудан бир канча полиция жана жай тургундар жараат алды. Ушул эле күнү шаардын түштүк тарабында бомба жарылып, андан 10дой киши набыт болду. Мындан бир канча мүнөт өтпөй жанкечти полиция имаратынан алыс эмес жерде өзүн жардырып, дагы ондон ашуун кишинин жаны кыйылды. Алардын алтоо полиция кызматкери экени айтылууда.

Ирактагы атышуу, жардыруулардан ай сайын ондогон адам каза табууда. Буга чейин “Ислам мамлекети” радикал тобу Ирактын бир нече жеринде ири жардырууларды уюштура турганын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG