Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:45

Азербайжан армяндардын тик учагын атып түшүрдү


MИ-24 тик учагы
MИ-24 тик учагы

Бул тууралуу Азербайжандын Коргоо министрлиги маалымдады. Баку мунун себебин тик учак Азербайжандын аба мейкиндигин бузганы менен түшүндүрдү. Аскерий мекеменин маалымат кызматы атып түшүрүлгөн МИ-24 учагы Армениянын коопсуздук күчтөрүнө таандык десе, Тоолуу Карабах чөлкөмүнүн бийлиги тик учак аларга караштуу экенин айтып чыкты. Аталган аймактын Коргоо министрлигинин маалымат катчысы Сенор Асратян тик учак машыгуу учурунда абага көтөрүлгөн кезде атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Экипаждын үч өкүлү тең набыт болгону кабарланууда. Армениянын Коргоо министрлиги муну "атайын чагым" деп атады. 12-ноябрда күндүз Азербайжандын Коргоо министрлиги "Агдам районунун Кенгерли кыштагынан 1700 метр түндүк чыгышта эки вертолет аскерий маневрларды жасап, Азербайжандын куралдуу күчтөрүнө ок атууга аракеттенди” деп билдирген.

Азербайжан менен Армения талашып жүргөн Тоолуу Карабахта соңку айларды кырдаал кайрадан курчуду.

Армения колдогон жикчилер Азербайжандын армяндар басымдуулук кылган аймагын 1990-жылдардын башындагы согушта ээлеп алган. Анда 30 миңдей кишинин өмүрү кыйылган болчу. Тоолуу Карабахтын болочок макамы боюнча сүйлөшүүлөрдө ок атышууну токтотуу макулдашылганы менен 1994-жылдан бери натыйжа бербей келет. Баку Тоолуу Карабахты өзүнүн оккупацияланган аймагы катары санаса, Ереван бул аймак Азербайжандын бөлүгү боло албайт деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG