Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:47

Ошто диний радикализм боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө


Ош шаардык ички иштер башкармалыгы, шаардык бийлик жана ОшМУнун теология факультети мектеп окуучуларына Сириядагы согуштун кесепети тууралуу маалымат беришүүдө. Бул тууралуу ОшМУнун теология факультетинин деканы Самаган Мырзаибраимов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда иш-чараларга балдар менен бирге алардын ата-энелери да тартылууда. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө Иракта, Сириядагы согуштар тууралуу тасмалар көрсөтүлүп, Ислам дини тууралуу кеңири, так маалыматтар айтылат. Мындан тышкары теология факультетинин мугалимдери, студенттери, жергиликтүү казыяттын өкүлдөрү ислам дини тууралуу суроолорго да жооп беришет.

Акыркы убактарда Кыргызстандан Сирияга кеткен жарандар тууралуу арбын айтыла баштады. Айрым пикирлер боюнча буга биринчиден, жарандардын диний сабатсыздыгы, экинчиден социалдык-экономикалык кызыкчылыгы себеп болууда.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG