Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Бүгүн Бишкекте дин маселесине арналган форум болот


“Кыргызстандагы Ислам жана Православие: салттар жана бүгүнкү күн” аттуу форумга өлкөдөгү диний лидерлер: Мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы, муфтий Максат Токтомушев жана Кыргызстан менен Бишкектеги Епископ Даниил (Семён Кузнецов) катышат. Ошондой эле диний аалымдар, мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, элчиликтердин кызматкерлери чакырылган. Иш-чарада Кыргызстандагы салттуу диндердин бүгүнкү аракеттери, диний радикализмдин алдын алуу ж.б. маселелер көтөрүлөт.

Уюштуруучулардын белгилөөсү боюнча форумдун алкагында Кыргыз эл сүрөтчүсү Теодор Герцендин “Манас” эпосу боюнча тарткан иллюстрацияларынын көргөзмөсү болот.(ZKo)

XS
SM
MD
LG