Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:49

30 миңден ашуун жаран биометриялык маалымат тапшырды


Мындай маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алина Шайыкова кечээ биометриялык маалыматтарды жыйноо боюнча Республикалык штабдын жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, ушул тапта өлкөдө жарандардын биометриялык маалыматтарын алуу кызуу жүрүп жатат. Өлкөнүн аймактарына бул үчүн атайын жабдыктар жеткирилген. Жыйынга катышып отурган

1-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жаңы жылга чейин биометриялык маалыматтары алынган жарандардын санын 1 млн. жеткирүү тапшырмасын койду.

Биометриялык маалымат алуу 27-августта жогорку бийлик жетекчилеринен башталган. Учурда өлкөнүн бардык аймактарында аталган маалыматтарды массалык чогултуу иштери жүрүүдө.

Биомаалымат тапшырүү үчүн жер-жерлердеги стационардык жана мобилдик борборлорго 16 жаштан өткөн жарандар жанында паспорту менен келиши керек. Алар бармак изи, карегинин санариптик көчүрмөсүн жана кол тамгасын тапшырат. Биомаалымат тапшыруу милдеттүү түрдө, ал эми биометриялык паспорт берүү ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG