Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:08

Украина боюнча БУУ сунуштаган резолюция кабыл алынган жок


БУУнун Коопсуздук кеңеши Украинадагы кризиске байланыштуу шаршембиде 26-жолу чогулду. Бирок сунуш кылынган резолюция кабыл алынган жок, анткени Орусия вето коюу укугуна ээ.

АКШнын БУУдагы элчиси Саманта Пауэр “Орусия тынчтык, жарашуу тууралуу айтып жатканы менен, күйүп жаткан отко май тамызууну улантууда” деп айыптады.

Жыйын НАТО Орусиядан Украинанын чыгышына курал-жарак ташылып жатат деп маалымдагандан кийин болду. НАТО соңку эки күндө Орусиянын танктары Украина чек арасынан өтүп, жикчилдер көзөмөлдөп турган аймакка киргенин билдирди.

Орусия болсо Түндүк Атлантика альянсынын билдирүүсүн четке какты.

XS
SM
MD
LG