Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:26

Кыргызстандык мигранттар Орусияда уруксат кагазысыз иштей алышат


10-октябрда Кыргызстандын Евразия экономикалык аймагына кирүүсү боюнча Минскте бекитилген “жол картага” ылайык, өлкө уюмга мүчө болуп калса, мигранттар Орусияда уруксат кагазысыз иштей алышат.

Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги 12-ноябрда билдирди. Маалыматта айтылгандай, Кыргызстан Евразия экономикалык аймагына кирсе, кыргызстандык мигранттар жумуш берүүчү менен эмгек келишиминин негизинде иштөө укугун алышат. Ошондой эле Кыргызстандагы окуу жайлардын билим тууралуу документтери, диплом-сертификаттары биримдикке мүчө мамлекеттерде жарактуу болуп саналмакчы. Мындан тышкары Орусияга иштөө жана башка максат менен барган кыргызстандыктар отуз күн бою каттоого турбай жүрүүгө уруксат берилет. Эгер отуз күндөн ашып кетсе, Орусиянын мыйзамдарына ылайык, каттоого туруусу керек.

Кыргызстан быйылкы жылдын аягында Бажы биримдигине гана эмес, Евразия экономикалык аймагына да кирүүгө белсенүүдө. Евразия экономикалык аймагында жумушчу күчтүн, тейлөөнүн, капиталдын да эркин жүрүшү камсыздалары айтылып келатат. 24-декабрда Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү боюнча келишимдерге кол коюлары расмий айтылган.

Кыргыз бийлиги Орусия баштаган интеграциялык уюмдарга кирүүнүн максаттарынын бири- эмгек мигранттарынын шартын жакшыртуу болгонун белгилеп келүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG