Орус президенти Владимир Путиндин аймактык экономикалык интеграция боюнча кеңешчиси Сергей Глазьев Бишкекте өлкө жетекчилиги менен эки тараптуу жана аймактык кызматташтык маселелерин талкуулоодо. Кыргыз өкмөтүндө бүгүн өткөн жолугушууда премьер-министр Жоомарт Оторбаев Бажы биримдигине жана Евразия экономикалык союзуна кирүүгө даярдык планга жараша жүрүп жатканын айтты.
Бажы биримдигине кирген Беларус, Казакстан жана Орусия 2015-жылдан баштап Евразия экономикалык союзун түзүүнү көздөп жатат. Казак жана орус бийликтери Кыргызстандын бул уюмдарга кирген алгачкы жылдары тушугушу мүмкүн болгон кыйынчылыктарга жардам берүүнү убада кылган. (RK)