Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:47

TRACE Matrix: Кыргызстанда коррупциядан улам бизнес жүргүзүү кооптуу


Кыргызстанда коррупциянын бизнеске тийгизген залакасы дагы эле чоң болууда. Мындай тыянакка TRACE International эл аралык уюмунун эксперттери атайын изилдөөнүн натыйжасында келишкен. Изилдөө жүргүзүлгөн 197 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 161-орунду ээледи. Былтыр 177 мамлекеттин арасынан 150-орунга ээ болгон.

Быйыл 197-орунда Нигерия, ал эми коррупция бизнеске коркунуч келтирбейт деген 1-орунда Ирландия турат.

TRACE International - коммерциялык ачыктыкты камсыз кылуу жана коррупцияга каршы күрөш боюнча эл аралык уюм. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG