Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:37

Жыл башынан бери 40 чек ара чатагы катталды


Үстүбүздөгү жылдын январынан бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандын коңшу өлкөлөр менен чек арасында катталган түрдүү чыр-чатактардын саны кыркка жетти. Алардын онго жакынында ок атылган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Сажира Чоколоева “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында жаңжалдардын 32си кыргыз-тажик, 5и кыргыз-өзбек, экөө кыргыз-казак жана бирөө кыргыз-кытай чек ара тилкесинде болгон. Өзбек жана тажик чек арачыларынын огунан бирден кыргыз жараны каза тапкан.

Мындан сырткары кыргыз-тажик чек арачылары арасында 3 жолу куралдуу кагылышуу болуп, онго жакын чек арачы жараат алган. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG