Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:55

Пакистан соту митинг лидерлерин камоону буйруду


Пакистан соту көптөн бери токтобой келаткан нааразылык акцияларынын лидерлери – саясатчы Имран Хан менен диниятчы Тахир ул-Кадрини камакка алуу буйругун чыгарды. 12-ноябрда Исламабаддагы антитеррордук сот алар менен кошо дагы 26 кишини өкмөткө каршы митингдер учурундагы зомбулук үчүн айыптуу деп тапты.

Хан жана Кадри премьер-министр Наваз Шарифтин кызматтан кетишин талап кылып өз тарапкерлерин баш калаага чогултушкан. Август айында демонстранттар парламент имаратын ээлеп алууга аракеттенишкен жана Пакистан телекомпаниясына кирип барышкан.

Кадри өткөн айда тарапкерлерин тарап кетүүгө үндөп, буга чейин жашап келген Канадага кайткан. Хан болсо 30-ноябрда Исламабадда митинг өткөрүүнү пландоодо. Анын Техрик-и-Инсааф партиясы "өкмөт айласын таппай камакка алуу буйругун чыгарды" деп комментарийледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG