Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Кытайда “Манас” эпосу боюнча 3D форматта мультфильм тартылат


Кытайлык кыргыздар “Манас” эпосу боюнча 3D форматында мультфильм тартат. Бул тууралуу долбоордун автору, кытайлык кыргыз жаран Баймуканбет уулу Кубанычбек “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында 3D форматындагы анимациялык фильм 30 сериядан туруп, ар бир бөлүгү 13 мүнөткө созулат.

- Долбоор “Манас” эпосун дүйнөгө таанытууну көздөйт. Биз бул мультфильмди кыргызстандык боордошторубуз менен биргеликте ишке ашыралы деп жатабыз. Анткени буга чейин улуу дастан тууралуу эч кандай кино да, мультфильм да тартылган эмес, - деди автор.

Аталган мультфильмдин алгачкы эки бөлүгүн тартууга 400 миң доллар каражат керектелет. Учурда демилгечилер Кыргызстанда демөөрчү издөө менен алек. (UEz)

XS
SM
MD
LG