Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:26

Оштун экс-мэрин тоногон деп шектелгендер кармалды


Ош шаарынын мурунку мэрлеринин бирин тоногон деген топтун үч мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыкка» Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Алар ушул жылдын 9-мартында экс-мэрдин үйүнө түнкүсүн бастырып кирип, үй ээлерин байлап, кыйноо жолу менен 215 миӊ сомун, 26 миӊ АКШ долларын жана 10 миӊ долларлык зер буюмдарын тартып алышкан деп шектелүүдө.

Экөө Чүй облусунун, бирөө Ош шаарынын тургуну болуп чыкты. Учурда алар Ош шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында жатышат. Сурак учурунда кылмышты моюнуна алып, каракчылыктын кандайча жасалганын көрсөтүп беришкен.

«Азаттыктын» ишенимдүү булактары жабыркаган адам мурунку мэр Мукан Алыкулов экенин айтышууда. Алыкулов Ош шаарын 1990-жылдары башкарып турган. (YI)

XS
SM
MD
LG