Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:57

Олимпиадалык окуу жайдын бассейни кайрадан иштей баштады


Шералы Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык резерв окуу жайынын бассейни кайрадан пайдаланууга берилди. Бассейн 10 жылдан ашуун убакыттан бери пайдаланылбай келген. Бюджеттен бул комплекске 15 млн сом бөлүнгөн. Анда олимпиадалык резервдеги окуу жайдын окуучулары гана эмес, улуттук курамалар үчүн жана дагы жергиликтүү тургундар үчүн да сууда сүзүп машыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Бассейндин узундугу 25 метр. Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайындагы бул комплексте 1978-жылдан бери эч кандай капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. (Ech)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG