Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:47

Баку Тоолуу Карабактын аба мейкиндигин жапканын эскертти


Азербайжандын жикчил Тоолуу Карабак аймагынын жетекчилиги Бакунун чөлкөмдүн аба мейкиндигин жабуу эскертүүсүн четке какты. Өзүн Тоолуу Карабактын "өкмөтү" деп атаган бийликтин расмий өкүлү бүгүн аймактын үстүнөн учактар учуп атканын билдирди.

Кечээ Баку жикчил аймактын аба мейкиндиги жабылганын эскерткен. Анын алдында азери аскерлери этникалык армяндар көзөмөлдөгөн чөлкөмдүн күчтөрүнө таандык тик учакты атып түшүргөн.

Азербайжан бийлигинин ырастоосунда, тик учак азери аскерлерге ок атууга аракеттенгенде атып түшүрүлгөн.

Тоолуу Карабактын “өзүн коргоо” күчтөрү тик учак машыгууга катышып атканын билдирди. Армениянын Коргоо министрлиги окуяны Бакунун “мурда болуп көрбөгөндөй чагымы” деп атады.

1990-жылдардын башында Ереван колдогон жикчилдер кошуна өлкөнүн армяндар үстөмдүк кылган Тоолуу Карабакты жана анын айланасындагы жерлерди ээлеп алышкан. Эки өлкөнүн урушу 30 миңдей кишинин өмүрүн алып кеткен.

Согуш 1994-жылы ок атышпоо келишими менен аяктаса да жаңжалдар басылбай келет.

XS
SM
MD
LG