Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:43

Ооганстанда бейпилдик күчтөрүнө кол салган адам өлтүрүлдү


Ооган полициясы өлкөнүн чыгышында НАТО баштаган күчтөрдүн кербенине кол салууга аракеттенген жан кечтини эл аралык контингенттин аскерлери атып өлтүрүшкөнүн билдирди. Нангахар вилайетинин полициясынын маалымат катчысы Хазрат Хосейн Машракивал "Жан кечти дүрмөттөлгөн машинени бейпилдик күчтөрүнүн кербенинин жанында жардырмакчы болгон. Аны атып өлтүрүштү, машинеси жардыруудан талкаланды. Эл аралык контингенттин жоготуулары тууралуу маалымат жок. Бир карапайым киши каза болуп, дагы бирөө жарат алды. Тергөө жүрүп жатат" - деп айтты.

Талибан кыймылы кол салуу аракети үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG