Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:30

Армения президенти Тоолуу Карабакка барды


Армениянын президенти Серж Саркисян күтүлбөгөн жерден Тоолуу Карабакка барды. Алдыңкы күнү азери аскерлери Армения армиясына таандык делген тик учакты атып түшүрүшкөн. Саркисяндын маалымат кызматы билдиргенине караганда, мамлекет башчы армениячыл Тоолуу Карабактын коргоо күчтөрүнүн бөлүктөрү жана региондун лидерлери менен жолугушуу үчүн барды.

12-ноябрда тик учак атып түшүрүлгөндөн кийин Азербайжан жикчил аймагынын аба мейкиндиги жабылганын айткан.

Бакунун ырастоосунда, Армениянын куралдуу күчтөрүнө таандык тик учак азери аскерлерине ок ачууга аракеттенгенде атып түшүрүлгөн, экипаждын үч мүчөсү каза болду.

Тоолуу Карабактын “өзүн коргоо” күчтөрү тик учак машыгууга катышып атканын билдирди. Армениянын коргоо министрлиги окуяны Бакунун “мурда болуп көрбөгөндөй провокациясы” деп атады.

1990-жылдардын башында Ереван колдогон жикчилер кошуна өлкөнүн армяндар үстөмдүк кылган Тоолуу Карабак аймагын жана анын айланасындагы жерлерди ээлеп алышкан. Эки өлкөнүн урушу 30 миңдей кишинин өмүрүн алып кеткен.

Согуш 1994-жылы ок атышпоо келишим менен аяктаганы менен жаңжалдар көп болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG