Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:52

Баш прокурор депутат Аманбаеванын иши боюнча ЖКке маалымат берди


Шаршембидеги парламенттин отурумунда айрым депутаттар Урмат Аманбаеванын ишин карап жаткан тергөөчүнү алмаштырууну талап кылышты. Алар прокуратуранын тергөөчүсү Мирбек Расуловго ишеним жок деп белгилешти. Депутат Жылдыз Жолдошева менен Алтынбек Сулайманов кесиптеши Урмат Аманбаеванын ишин карап жаткан прокуратуранын тергөөчүсү Мирбек Расуловдун 2009-жылы Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча ишти тергегенин белгилеп, ошол тергөө Садыркуловду тергөөдөн өлдү деген бүтүм чыгарып бергенин айтып чыгышты.

13-ноябрда Башкы прокурор Аида Салянова Жогорку Кеңеште парламенттин “Республика” фракциясынын мүчөсү, депутат Урмат Аманбаевага козголгон кылмыш иши боюнча маалымат берди.

Урмат Аманбаевага Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (коррупция) боюнча 27-октябрда кылмыш иши козголгон. Аманбаеванын адвокаты Нургазы Сыдыков “Азаттыкка” прокуратура депутатты так эмес, оозеки фактыларга негиздеп айыптап жатат деп билдирүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG