Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:31

Нидерланды Орусиянын жүргүнчү учагын кармады


Нидерландынын эки истребители Түндүк атлантика союзунун аба мейкиндигин бузду деген себеп менен Орусиянын жүргүнчү ташыган учагын кармады. Нидерландынын коргоо министрлиги кийинчерээк Ил учагы Калининградга багыт алып учуп кеткенин кабарлады.

Мурдараак НАТО орусиянын аскер учактары ашкере активдүүлүгүн көрсөтүп, Түндүк жана Балтика деңиздеринин үстүндөгү мейкиндикке байма-бай көтөрүлүп жатканына тынчсыздануусун билдирген эле. Октябрь айында эле Түндүк атлантика союзунун учактары союздун аба мейкиндигин бузду деген себеп менен жүздөн ашуун ирет Орусиянын учактарын кармашкан.

Расмий Москва болсо НАТО өлкөлөрүнө баскынчылык кылуу ою жок экенин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG