Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Кыргызстанда гандбол оюну кайрадан жанданат


Кыргызстанда “Кол тобу” оюнун кайра жандантуу аракети көрүлүп баштады. Бул тууралуу спорттун аталган түрү боюнча федерациясынын башкы катчысы Мирлан Майрамбек уулу Азаттыкка билдирди. Анын айтымында акыркы жолу 1998-жылы “Кол тобу” боюнча оюндар Кыргызстан элдеринин спартакиадасында өткөрүлгөн. Ошондон бери мелдештер болгон эмес.
1992-жылы түзүлгөн федерация эми кайрадан ишин жандантып, спорттун бул түрүн өнүктүрүү боюнча иш алып бара баштады. 16-майда федерациянын мүчөлөрүнүн жыйыны болуп, аткаруу комитети шайланып, аткарыла турган иштердин планы бекитилген. Дене тарбия жана спорт боюна мамлекеттик агенттигине кайрадан каттоодон өтүп, лицензия алуу үчүн документтер жөнөтүлгөн. Федерация “Кол тобун” мектептерде жана атайын спорт мектептеринин программасына киргизүүнү Билим берүү жана Илим министрлигине сунуштаган. Эл аралык мелдештерге катышуу жана Кыргызстандагы спартакиадаларда кол тобу боюнча оюндарды өткөрүү үчүн тиешелүү тараптар менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
Жакында эле Беловодск айылында “Кол тобу” боюнча турнир болуп, биринчи орунга көлдүк спортчулар ээ болушкан.

Учурда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда Чүй облусунун Беловодск жана Жал айылдарында жана Бишкек шаарында кол тобу менен машыккан командалар бар. (ECh)

XS
SM
MD
LG