Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:02

Биометриялык маалымат чогултуучу жабдуунун теңинен көбү жеткирилди


Бүгүнкү күнгө карата жарандар тууралуу биометриялык маалымат чогултуучу атайын жабдуунун 682си жер-жерлерге таратып берилди. Жалпысынан 950 комплект болушу талап. Учурда калганын жеткирүү иши планга жараша жүрүп жатканын бүгүн парламентте сүйлөп жатып Мамкаттоо кызматынын жетекчиси Алина Шаикова билдирди.

Маалымат тапшырган жарандардын саны 35 миңге жетти.

Өкмөттүн чечими менен алдыдагы парламенттик шайлоонун тазалыгын камсыз кылуу үчүн жарандардын биометриялык маалымат базасы түзүлүүдө. Мындай маалымат тапшырбаган жаран добуш берүү укугунан ажырайт. (RK)

XS
SM
MD
LG