Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:50

Зилзала Кажы-Сайдагы уран калдыктарына коркунуч жараткан жок


Бул тууралуу Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаты Рустам Өмүров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында жер титирөөдөн уран калдыктарын сактоочу жай зыян тарткан жок. Бирок айылдагы мектеп, бала бакча сыяктуу социалдык объекттер жана айрым турак үйлөр керектен чыккан. Ушуга байланыштуу окуу процесси убактылуу токтотулду. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жергиликтүү бийлик менен бирге зилзаланын кесепеттерин аныктап жатышат.

Бүгүн таңкы саат 7:24тө Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 7 балл болгон жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, силкинүүнүн очогу Кажы-Сайда 6 балл болуп сезилди. Бишкекте 3 балл. Бир саатка жетпей, 8:09да Кажы-Сайдан 5 чакырым түштүк-чыгыш тарапта дагы бир жолу жер титиреп, күчү 4 баллга жетти. (UEz/RK)

XS
SM
MD
LG