Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:29

Ош: Дагы жети адамдын Сирияга кеткени аныкталды


Соңку бир жыл аралыгында Кара-Суу районунун Нариман айылынан бир үй-бүлө, Ош шаарынан бир адам жана Араван районунун Чек-Абад айылынан бир киши Сириядагы согушка катышууга кеткени аныкталды. Бул тууралуу 13-ноябрда “Азаттыкка” Ош шаардык милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун Нариман айылынын 49 жаштагы тургуну Саипжан 47 жаштагы аялын, 27, 25 жана 20 жаштагы үч уулун Сирияга алып кеткен. Алардын кенже уулу ошол жакта каза тапканы тууралуу маалымат текшерилүүдө.

Мындан сырткары Ош шаарынын 23 жаштагы тургуну да учурда Сирияда жүргөнү аныкталды. Ал эми Араван районунун Чек-Абад айылынан кеткен 34 жаштагы жаран Орусия аркылуу Сирияга өтүп, ал жакта түркмөн аялга үйлөнүп алганы маалым болгон. Учурда Кара-Суудан Сирияга кеткен Саипжандын 93 жаштагы апасы күч кызматкерлерине балдарын кайтарып берүүнү суранып кайрылууда.

Соңку маалымат боюнча Кыргызстандан Сирияга кеткен жарандардын саны 150дөн ашты. Алардын арасында беш үй-бүлө бар. Сирияга кеткендердин онго жакыны ошол жерде мерт болгону айтылууда. Алардын арасында балдар жана аялдар да бар. (YI)

XS
SM
MD
LG