Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:54

Күйүүчү май жыл башынан бери 23 пайыз кымбаттады


Бул тууралуу Нефтетрейдерлер бирикмесинин аткаруучу директору Улан Кулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында акыркы он ай ичинде күйүүчү-майлоочу майдын баасы литрине он сомго көтөрүлгөн.

Кулов кошумчалагандай Казакстандын “Луговое” темир жол бекетинде 6 айдан бери кармалып турган күйүүчү май тарткан вагондор Кыргызстанга келе баштады. Эки өлкө президенттеринин Астанадагы жолугушуусунан кийин чек арадан 41 вагон өткөн.

Орусиядан Казакстан аркылуу Кыргызстанга ташылып келаткан 448 вагон күйүүчү май “Луговое” темир жол станциясында 18-апрелден бери турат. Казакстандын бажысы 30 миң тоннага жакын күйүүчү майдын документи толук эмес деген жүйө келтирүүдө. (UEz)

XS
SM
MD
LG