Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:51

Башкы прокуратура “Вечерний Бишкектин” 48% акциясын камакка алды


Бул тууралуу Башкы көзөмөл органынын маалымат катчысы Сейитжан Апышев билдирди. Анын айтымында акциялар “Вечерний Бишкек” басылмасынын “Рубикон” жарнама фирмасына таандык.

- Аталган мүлк тергелип жаткан кылмыш ишине байланыштуу конфискация болуп калышы мүмкүн. Ошол себептүү “Рубикондун” 48% акциясы камакка алынды, - деди Апышев.

Буга чейин “Вечерний Бишкектин” жетекчилиги аталган басылманы бийлик рейдерлик жол менен басып алууга аракет кылып жатканын, бул иштин артында президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов турарын айтып чыккан.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 24-сентябрда аталган басылманын “Рубикон” реклама фирмасынын 50 пайыз акциясын мурунку негиздөөчүлөрдүн бири Александр Рябушкинге кайтаруу тууралуу чечим чыгарган. “Вечерний Бишкектин” бул чечим боюнча доо арызын шаардык сот 3-декабрда карайт. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG