Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:27

Жалал-Абаддын айылдарына интернет жеткириле баштады


Сузак районунун Барпы айыл аймагында санарип автоматтык телефон станциясы ачылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Кыргызтелеком" ишканасынын Жалал-Абад облусундагы филиалынын башкы директору Эгемкул Сабырканов билдирди.

Айыл тургундарынын санына карап 320 номур каралган жана аны менен катар кабелдик интернет туташтырылат. Ошондой эле алардын санын 10 миңге чейин жеткирүүгө болот.

Сентябрь айында Кыргызстандын түндүк аймагынан түштүк жергесине жер алдынан байланыштырган 943 чакырымдагы оптика-волокондук магистрал пайдаланууга берилгени. Анын алкагында Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы интернеттин ылдамдыгы 3,5 эсе тездей турганы айтылган. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG