Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:54

АКШ Бирмада реформалардын уланышын көргүсү келет


Президент Барак Обама бүгүн өлкө борбору Янгондо буларды билдирди:

- Дагы бир топ татаал ишти жасоо талап кылынары, оор тандоолор алдыда экени анык. Бирманын демократияга карай багытын кармоо үчүн зарыл ири саясий жана экономикалык реформалар чоң саясий эркти талап кылат.

Барак Обама акыркы эки жылдан бери Түштүк-Чыгыш Азиянын бул мурдагы жабык өлкөсүндө маанилүү өзгөрүүлөр болгонун, медианын, гезиттердин саны көбөйүп, саясий айыпкерлер абактан чыкканын белгиледи.

АКШ президенти бул сөздөрдү Нобель Тынчтык сыйлыгынын ээси Аун Сан Су Чжи менен анын үйүндө жолуккандан кийинки басма сөз жыйында айтты.

Су Чжи Бирманын мурдагы аскерий бийлигине оппозицияда болгондуктан 20 жылдан ашуун үй камагында отурган. Ал конституциялык реформаларсыз партиясы 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо жеңишке жетери тууралуу айтуу эртелик кыларын билдирди. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG