Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:47

Ооганстан Пакистан менен кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар


Ашраф Гани Пакистандын согуш курмандыктарына арналган мемориалында. 14-ноябрь, 2014-жыл.
Ашраф Гани Пакистандын согуш курмандыктарына арналган мемориалында. 14-ноябрь, 2014-жыл.

Исламабадда эки күндүк сапарын баштаган ооган президенти Ашраф Гани бул тууралуу бүгүн пакистан бийликтерине кайрылып жатып билдирди. Ганинин айтымында, анын өлкөсү коңшусу менен коопсуздук жана коргонуу чөйрөсүндө да кызматташтыкты чыңдоону көздөйт.

Пакистан менен Ооганстандын бул жааттагы карым-катнашына эки ортодо ишенимдин жоктугун залакасын тийгизип келет.

Мурдагы ооган президенти Хамид Карзай расмий Исламабадды чек ара аймактарынан Ооганстанга кол салган согушкерлерге башпаанек берди деп күнөөлөп жүргөн. Исламабад бул айыптарды четке кагып, чек арадан кол салууларды токтото албай жатканы үчүн жоопкерчиликти Ооганстандын өзүнө оодарат.

Пакистандын азыркы өкмөтү Ооганстан менен чек арага жакын, уруулар жашаган аймактарда исламчыл согушкерлерге каршы быйыл июндан тарта ири аскерий операция баштаган. (UE)

XS
SM
MD
LG