Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:33

Тоң районунда зилзалада 202 турак үй жабыркаган


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 14-ноябрдагы зилзалада Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 202 турак жайдын, 4 орто мектептин, бала бакчанын, реабилитациялык борбордун, маданият үйүнүн жана интернаттын дубалдарында жаракалар пайда болгонун маалымдады.

Жети-Өгүз районунда да 15 турак жай көзөмөлгө алынса, Балыкчы шаарында бир турак жайдын дубалдарында жаракалар пайда болгон. Ушул эле облустун Кажы-Сай айылында да мектеп, бала бакча сыяктуу социалдык объекттер жана айрым турак үйлөр керектен чыкты. Буга байланыштуу Кажы-Сайда окуу процесси убактылуу токтотулду.

14-ноябрда эртең менен Ысык-Көл облусунун аймагында эки жолу жер титиреп, биринчи жолкуда күчү 7 баллга, экинчисинде 4 баллга жеткен. Азыр чыгымдарды аныктоо иштери улантылууда. (JAk)

XS
SM
MD
LG