17-ноябрь Студенттердин эл аралык күнүнө карата эртең түшкү саат 1де Бишкектин борбордук аянтында этно стилдеги акысыз концерт өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” иш-чаранын уюштуруучусу, “Көчмөн” коомдук фондунун жетекчиси Улан Үсөйүн маалымдады.
“Ааламдашуу заманында жаштардын көңүлүн этно стилге бургубуз келет”,-деди Үсөйүн.
Иш-чараны Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги менен Бишкек мэриясы колдоодо. Этно-концерттин соңунда жаштар үчүн бийкече болот. (JAk)