Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:22

Кыргыз-тажик чек арасында чыр эки эсеге көбөйдү


Өткөн жылга салыштырмалуу кыргыз-өзбек чек арасында катталган чыр-чатактар үч эсеге азайып, бирок кыргыз-тажик чек арасындагы инциденттер эки эсеге көбөйгөнүн Кыргызстандын чек ара кызматы маалымдады.

2014-жылдын он айында кыргыз-тажик чегинде 32 чыр-чатак катталса, кыргыз-өзбек чегинде беш инцидент болгон. Бул маалымат бүгүн, 15-ноябрда Кыргызстандын чек ара кызматы өткөрүп жаткан жыйында айтылды.

Чек ара кызматынын маалыматында, соңку он айда кыргыз чек арачылары баасы 5 миллион сомго чукул аткезчилик товарларын, 114 кг. маңзат жана жүздөгөн курал-жарактарды колго түшүргөн. (JAk)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG