Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:57

Бүгүн айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы


Айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын кызматкерлеринин кесиптик майрамында Бишкектеги А. Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын жанында айыл чарба техникаларынын жана азыктарынын көргөзмөсү өтүүдө.

Иш-чарага катышкан айыл чарба министри Таалайбек Айдаралиев Кыргызстан өзү минералдык жер семирткичтерди чыгарган заводдорду курмайын аталган тармакта өнүгүү болбой турганын айтты.

Айыл чарба кызматкерлерин президент Алмазбек Атамбаев да куттуктап:

- Кыргызстанда өзүн азык-түлүк менен толук камсыз кылууга мүмкүнчүлүк жана дарамет бар. Бирок өзүбүз өндүргөнгө караганда, чет өлкөнүн продукциясын көп алып жатабыз, - деп айтты.

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев да айыл чарба кызматкерлерин куттуктап агрардык сектор кыргыз экономикасынын таянычы экенин кошумчалады. (JAk)

XS
SM
MD
LG