Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:31

Көкжаңгактыктар соттук медэксперттерди айыптоодо


Жол кырсыгынан мерт болгон көкжаңгактык үч тургундун жакындары Жалал-Абад облустук соттук медициналык экспертиза бюросунун кызматкерин өлгөн адам үчүн акча алды деп айыптап, укук коргоо органдарына арыз жазышты.

Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган шаардын тургуну, каза болгон маркумдун апасы Лола Курбанова билдирди. Анын айтымында, 24-октябрда жол кырсыгынан 15-17 жаштардагы 3 бала каза болуп, өлүкканадан алып чыгууда медэксперттер алардын ар бири үчүн 5 миң сомдон акча алышкан. "Андан сырткары тактама үчүн да ашыкча акча алган", - дейт Курбанова.

Ал эми акча алды делинип, доого кабылып жаткан кызматкер Эрмек Бокоев буларды төгүндөдү. Жабыркаган энелер балдары кабылган кырсыкты териштирүүнү сурап, үч күн мурда милицияга, акча алды делген эксперттин үстүнөн даттанып, прокуратурага кайрылышканын айтышты. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG