Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:17

Навои институту: Аскаров тез арада бошотулуш керек


Алишер Навои институту Азимжан Аскаровду бошотууга чакырып президентке, башкы прокурорго жана акыйкатчыга кайрылды.

“15-ноябрда эл аралык Пен-клуб кезектеги “Абактагы жазуучунун эл аралык күнүн” белгилөөдө. Буга байланыштуу абактагы журналист жана укук коргоочу Азимжан Аскаровду бошотууга чакырабыз. Тергөөдө жана сот отурумдарында Аскаровдун күнөөсү далилденбегендиктен ал тезинен бошотулуп, өкүм жокко чыгарылышы керек деп эсептейбиз. Аскаров өз кесиптик милдетин аткарганы үчүн жазаланууда жана абакта кыйноолорго кабылган”, - деп жазылат кайрылууда.

Ошондой эле кайрылуу катта Аскаровго тиешелүү кенемте төлөнүп, анын укугун бузган адамдар жоопко тартылышы керектиги көрсөтүлгөн.

Укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылы июндагы коогалаңда улут аралык кастыкты козуткан жана милиционерди өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган. Буга чейин Кыргызстандын саясатчыларына, эл аралык уюмдарга акыйкатсыз соттолгону тууралуу кайрылган, бирок майнап чыккан эмес.

Алишер Навои институту Бельгияда катталган өкмөттүк эмес уюм. Ал этностор аралык мамилелер, адам укуктары, коопсуздук жаатында иш алып барат. (МТо)

XS
SM
MD
LG