Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:11

G20: Саммит украин кризисин талкуулоодо


15-ноябрда башталган "Чоң жыйырманын" эки күндүк саммитинде Украинадагы кризис күн тартибинде расмий пункт катары көрсөтүлбөгөндүгүнө карабастан кызуу талкууга алынды. Орус президенти Владимир Путиндин британ премьер-министри Дэвид Кэмерон, француз президенти Франсуа Олланд, Италиянын премьер-министри Ренци жана Канаданын өкмөт башчысы Стивен Харпер менен бейформал жолугушуусунда кризис талкуунун маанилүү бөлүгүнө айланды.

Германия канцлери Ангела Меркел жана британ өкмөт башчысы Кэмерон саммиттин бейрасмий бөлүгү учурунда сүйлөп жатып, эгер Москва Украинанын чыгыш райондорунан аскерлерин жана курал-жабдыктарын алып чыгып кетпесе, дагы жаңы санкциялар киргизилиши мүмкүн экендигин эскертишти.

Меркелдин сөзүнө караганда, Евробиримдик Украинадагы кризиске кесепети тийген айрым орус жарандарына каржылык санкция киргизүүнү караштырып жатат. Кэмерон “Украинанын чыгышындагы бейстабилдүү жагдайдын тереңдей бериши Европаны, Американы жана Британияны жаңы санкцияларды кабыл алууга түртөөрүн” ачыктады.

Европа кеңешинин башчысы Херман Ван Ромпей эгер Москва аскерин жана курал-жарактарын алып чыгып кетпесе, 17-ноябрда Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Орусияга карата мамиленин кийинки кадамдарын талкууга аларын билдирди.

Саммиттин алгачкы күнү АКШ президенти Барак Обама Украинанын чыгышындагы Орусиянын аракеттери “дүйнөгө коркунуч туудурат” деп сыпаттады.

“Чоң жыйырманын” эки күндүк саммити 15-ноябрда Австралияда башталган.

XS
SM
MD
LG