Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:03

"Чоң жыйырманын" саммити жыйынтыкталды


Австралиянын Брисбен шаарындагы саммитке чогулган дүйнөдөгү жыйырма алдыңкы өнүккөн мамлекеттердин лидерлери дүйнөлүк экономиканы өнүктүрүү боюнча биргелешкен аракеттерди көрүүгө ынтызарлыктарын билдиришти. Сөз ириде инфраструктуралык долбоорлорго жана соода-сатыкка инвестиция салуу тууралуу жүрүүдө.

Бул жаатта иш-аракеттердин планын саммиттин төрагасы, Австралия премьер-министри Тони Эббот жарыялады.

Көрүлө турган иш-чаралардын ичинде аялдар үчүн 100 миллион жумушчу ордун түзүү жана эркектер менен аялдар ортосундагы жумуш менен камсыз болуу ажырымын кыскартуу бар.

Саммиттеги экономикалык сүйлөшүүлөр Украина кризисиндеги ролуна байланыштуу Орусияга эл аралык сын пикир көбөйүп турган учурда өттү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG