Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:59

Смартфон аркылуу ымыркайларды эмчек сүтү менен камсыздап, көз ооруларын аныктоо мүмкүнчүлүгү жаралды. Адам эми ити менен “сүйлөшө” алат. Климат жылыган сайын чагылган көп түшөбү?

Смартфон эмчек сүтүн сактап берет

Жаңы төрөлгөн баланы эненин сүтү менен багуу эң маанилүү экени талашсыз. Тилекке каршы кээ бир учурда ар кандай себептерден улам ымыркайлар эне сүтүн оозанбай калышат. Өнүккөн өлкөлөрдө болсо эне сүтүн сактоочу атайын банктар бар. Энелер ашыкча сүтүн саап, тоңдуруучу атайын идиштерге куюп туруп, ошол банктарга жиберишет. Ал жактан сүт пастеризацияланып, төрөт үйлөрүнө таратылат. Эне сүтүн пастеризациялоо кымбат тургандыктан, мындай система өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жайылган эмес. Адистердин айтуусуна караганда, эне сүтү жетпей дүйнөдө жылына 800 миң ымыркай чарчап калат.

Эми бул чөйрөдө жакшы жаңылык - кадимки смартфондун жардамы менен иштөөчү, жөнөкөй, баасы 1000 доллар турган "ФонеАстра" деп аталган жаңы аппарат чыкты. Ал эмчек сүтүн тез жана оңой пастеризациялай алгандыктан, каалаган жерде эне сүтү банкын уюштурууга болот. Бул тууралуу АКШнын Коомдук радиосу жарыялады.

Негизи эне сүтүн пастеризациялоо татаал процесс. Анткени сүттү ысытып жиберсе, андагы өтө керектүү аш болумдуу заттар өлүп калышы мүмкүн, же жетишээрлик жылытпай койсо, зыяндуу бактериялар болушу мүмкүн. Ал эми аталган аппарат телефон аркылуу көргөзмөлөрдү берип, сүттү пастеризациялап жаткан адамдын ишти туура аткарышын көзөмөлдөп турат.

Көз ооруларын телефон менен текшерсе болот

Айфон колдонуучулар үчүн көздүн кээ бир ооруларын текшере алчу White Eye Detector деп аталган жаңы тиркеме чыкты. Аны акысыз эле жүктөп алсаңыз болот.

Бул тиркеменин идеясы Бейлор университетинин химиги Брайан Шауго таандык. Ал жаңы төрөлгөн баласын сүрөткө тартканда, эмнегедир каректери агыш түстө экенин байкаган. Бирок этибарга албай жүрө берип, баласы бир аз чоңоюп, көзүндөгү кемтик даана байкалганда гана ооруканага барып, наристе көздүн рагы менен төрөлүп, дарт өтүшүп кеткендигин билген. “Эгер баламды сүрөткө тартканда, көзү оорулуу экендигин телефонум аныктай алса, анда баламдын оорусу күчөй электе дарылатмак экемин” - деп катуу кейиген химик, өзү иштеген окуу жайдын компьютер адисине барып, аны менен бирге телефонго орнотулуучу тиркемени ойлоп табышкан.

Эми мындай тиркемеси барлар көздөрүн сүрөткө тартып, лейкосория деп аталган көздүн рак илдети жана ага окшош оорулардын бар же жогун текшерип алса болот.

“Бул программа, албетте, дарыгердин ордун баспайт. Бирок жоктон көрө жогору. Көп ооруларды эртерээк билип, эрте дарылаган жакшы” - дейт Шау батыштагы бир катар медиага берген маектеринде.


Ээси менен итти “сүйлөштүрчү” жабдык

Түндүк Каролина университетинин изилдөөчүлөрү ит менен адамды компьютердин жардамы менен байланыштыра алган, итке кийгизилүүчү жогорку технологиялык жабдык ойлоп табышты. Адам итке ар кандай буйруктарды бергенде ал жабдык иттин кыймыл-аракет жана сезимдеринин сигналдарын чогултуп, аларды интерпретациялайт.

Жаңы жабдык негизинен иттерди бир нерсени же бирөөнү издөөгө же куткарууга машыктыруу үчүн колдонулмакчы. Ошондой эле ит менен ээсинин ортосундагы байланышты күчөтүп, бири-бирин түшүнүүнү тереңдетүү үчүн колдонууга жарайт. Алыста жүргөндө да компьютер аркылуу ээси итинин жүрөгүнүн согушу, денесинин табын текшерүү аркылуу анын эмоциялык абалын билип алса болот.

Аталган жабдыкты ойлоп табуучулар аны дрон жана робот сыяктуу технологиялар менен бирдикте да колдонуп, илимдин бул жааттагы жаңы кырларын ашууну көздөшкөндүгүн айтышат.


Дүйнөлүк климаттын өзгөрүшү жана чагылган


Суудан пайда болгон ири куюндар, торнадолор Жер планетасынын кээ бир аймактарында эле болсо, чагылган бардык жерде чартылдайт. Дүйнөнүн ар кайсы бурчунда секунд сайын 100 жолу чагылгандын жаалары жерди көздөй атылып турат. Ошондо күнүнө сегиз миллион жолу чагылган түшөт.

Жаңы изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча планетадагы климат өзгөрүп, аба ырайы жылуураак болуп бараткандыктан, жерге түшкөн чагылгандын саны көбөйүшү мүмкүн.

Көптөгөн жылдар бою окумуштуулар климаттын өзгөрүшүндөгү куюн, нөшөр сыяктуу кубулуштардын зыяндуу кесепеттерин изилдеп келишкен. Чагылган дагы дүйнө жүзүндө көп адамдын өмүрүн алып, ар кандай өрттүн чыгышына себеп болот. Ошондуктан азыр чагылганга да көбүрөөк көңүл бурулуп, изилдене баштады.

Азыркы маалыматтарга таянсак, глобалдык климаттын жылышы бир градуска көтөрүлгөн сайын чагылгандын түшүүсү 5 пайыздан 100 пайызга чейин көбөйүшү мүмкүн деп жазат Scientific America журналы.

  • 16x9 Image

    Гүлжан Исраил кызы

    "Азаттыктын" кабарчысы. Борбор Азиядагы Америка университетинин маданий антропология бөлүмүн бүтүргөн. Учурда АКШнын Денвер шаарында санарип дизайнерликти окуйт. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG