Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:02

Согушкерлер дагы бир АКШ жараны өлтүрүлгөнү жазылган тасма таратты


Питер (Абдул Рахман) Кассиг.

Питер (Абдул Рахман) Кассиг.

16-ноябрь күнү жарыяланган тасмада “Ислам мамлекети” тобунун колунда туткунда турган АКШ жараны Питер Кассигдин башы алынганы жазылган. Согушкерлер тарабынан өткөн жылы уурдалган 26 жаштагы Кассиг Сириядагы апаатта жабыркагандарга гуманитардык жардам берүү менен алектенчү. Ал ислам динин кабыл алып, аты-жөнүн Абдул Рахман Кассиг деп өзгөрткөн.

Ак үй аталган тасма жасалма эместигин, өлтүрүлгөн жаран чын эле АКШ атуулу Кассиг экенин билдирди. Президент Барак Обама бул окуяны террорчулардын адамгерчиликсиз, ырайымсыз аракети деп атады.

Буга чейин “Ислам мамлекети” тобу америкалык жана британиялык жарандардын башы алынган тасмаларды тараткан. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG