Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:29

Депутаттар Ошто диний экстремизмди талкуулайт


Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитети бүгүн, 17-ноябрда Ошто көчмө жыйын куруп, диний экстремизм маселесин талкуулайт. Күч органдары жана дин өкүлдөрү чакырылган бул чогулушта Иракка жана Сириядагы согушка кетип жаткан кыргызстандыктарды кантип токтотуу боюнча маселе козголот. Бул тууралуу “Азаттыкка” парламенттеги аталган комитеттин төрагасы Алмазбек Баатырбеков билдирди. Жыйындагы сунуштар апта ортосунда Жогорку Кеңештин жалпы отурумунда көтөрүлөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына ылайык, Сириядагы согушка 150дөй кыргызстандык кеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG