Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:41

Бишкекте Соростун келишине каршы акция өтүүдө


Бишкектеги АКШ элчилигинин алдында орусиячыл “Русский Мир” коомунун өкүлдөрү америкалык филантроп Жорж Соростун Кыргызстанга келишине каршы акция өткөрүүдө. Ага колдоруна "АКШ Кыргызстандан колуңду тарт” деген плакаттарды кармаган 50гө жакын адам катышууда. Акциянын катышуучулары Соростун Кыргызстанга келиши өлкө эгемендигине доо кетирерин айтып, бул адамды түстүү ыңкылаптардын демөөрчүсү деп айыптап жатышат.

Жорж Сорос Кыргызстанга бүгүн келген. Ал Борбор Азиядагы Америка университетинин жетекчилиги жана студенттери менен жолугары күтүлүүдө. Ал бийлик өкүлдөрү менен да жолугары айтылган. Бирок ким менен жолугушаары азырынча так эмес.

Жорж Соростун фонду ачык коом түзүү, демократияны өнүктүрүү максатында дүйнөнүн ондогон мамлекеттеринде ишмердик жүргүзөт. Соңку 20 жылда аталган фонд аркылуу Кыргызстанга 79 миллион долларлык жардам көрсөтүлгөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG