Линктер

жекшемби, 26-март, 2017 Бишкек убактысы 19:07

Орусияда кыргыз паспорту менен кытай жарандары кармалды


Бул тууралуу Орусиянын Алтай крайынын прокуратурасынын расмий сайтында кабарланды. Маалыматка ылайык, ушул жылдын май айында кытай улутундагы төрт адам Орусиянын аймагына мыйзамсыз кирүүгө аракет кылганы үчүн кармалган. Алардын жанынан Кыргызстандын паспорттору табылган. Териштирүү учурунда бул паспорттор жасалма экени аныкталып, аны кытай жарандары 2013-жылы Кемеровск облусунун аймагынан сатып алганы белгилүү болгон. Учурда бул боюнча тергөө бүтүп, иш сотко өткөрүлдү.(BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG