Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Сариев банк уячалары боюнча ишти кайрадан иликтетүүнү суранды


Экономика министри Темир Сариев президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоду. Анда министр президенттен тиешелүү органдарга 2010-жылдын 7-апрелинен кийин Кыргызстандын банк уячаларынан алынган акча каражаттарынын сакталышын жана жумшалышын кайрадан иликтөө боюнча тапшырма берүүнү суранды. Кайрылууда Сариев бул боюнча акыркы учурда айрым маалымат каражаттары бул маселени улам-улам көтөрүп, ага карата жалган жалаа жаап жатканын билдирген. Банк уячаларынан алынган каражат Убактылуу өкмөттүн чечиминин негизинде Апрель окуясынан соң абалды турукташтыруу үчүн жумшалганын айткан Сариев бул маселени иликтеп, акыркы чекитти коюуга президентти чакырды.

Расмий маалыматка ылайык, 2010-жылдын 7-апрелинен кийин “АзияУниверсалБанк”, “Манас” жана “Бакай” банктарынын атайын уячаларынан кеминде 21,5 миллион доллардай акча чыккан. Убактылуу өкмөт мүчөлөрү бул каражат кырдаалды турукташтыруу үчүн жумшалганын билдирип келишет. (BkA)

XS
SM
MD
LG