Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:35

Эшиева: Соростун Кыргызстанга келишинде саясат жок


Америкалык филантроп Жорж Соростун Кыргызстанга келишинде эч кандай саясий максат жок. Бул тууралуу “Кыргызстан-Сорос” фондунун коомчулук менен байланыш боюнча координатору Тынымгүл Эшиева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Сорос 16-ноябрдын кечинде Бишкекке келген. Ал бүгүн Борбор Азиядагы Америка университетинин студенттери жана окутуучулары менен жолукту. Анда студенттердин суроолоруна жооп берип, карьера курууга байланышкан кеңештерин берди. Ошондой эле бул окуу жайдын жаңы имаратынын курулушу менен таанышууда. Мындан соң өлкө жетекчилери менен жолугары күтүлүүдө. Бирок Эшиева ким менен жолугарын тактаган жок.

Бүгүн орусиячыл “Русский мир” коому Жорж Соростун Бишкекке келишине каршы акция өткөргөн. Бишкектеги АКШ элчилигинин алдына чыккан 50гө чукул адам Соростун Кыргызстанга келиши өлкө эгемендигине доо кетирерин айтып, бул адамды түстүү ыңкылаптардын демөөрчүсү деп айыпташкан эле.(BkA/TSh)

XS
SM
MD
LG