Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:17

Молдалиев: Сирияга кеткендерге түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл


Мындай пикирин бүгүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиев диний экстремизм менен күрөшүү боюнча Ошто өтүп жаткан тегерек столдо айтты. Анын пикиринде Сирияга кетип жаткандар менен күч органдары эле эмес, дин өкүлдөрү да жакшылап иштеши керек.

"Интернеттен угуп эле жаштар Сирияга кетип жатат деген сөз жаӊылыштык. Интернеттеги рекламаны көрүп эле жаштар Ысык-Көлгө кетип жаткан жок. Сирияга кетип жаткан балдар мамлекеттин идеологиясына ишенбейт. Булар менен күчтүү, билимдүү дин кызматкерлери иштеш керек", –деди Молдалиев.

Учурда Кыргызстан боюнча 1700 адам диний экстремисттик уюмдарга мүчө катары каттоодо турат. Кыргызстандын 150дөн ашык жараны Сириядагы согуштук аракеттерге катышып, сегизи каза болгону кабарланган. Алардын 90 пайызын жаштар түзөт.(YI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG