Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:36

Орусиядан германиялык дипломат да чыгарылды


Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров.
Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги германиялык дипломаттын да өлкөдөн чыгарылганын тастыктады. Маалыматта “бул Орусиянын Германиядагы ишканасынын кызматкерине өгөй мамиле жасалгандыгына карата жооп” деп жазылат.

Мурдарак расмий Москва өз макамына дал келбеген иштери үчүн деген негизде Польша дипломаттарын да Орусиядан чыгарган эле. Орусия Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө Польша да орус дипломаттарын өз аймагынан ушундай жүйө менен чыгаргандыгын белгилеген.

Эки өлкөнүн дипломаттарды чыгаруусу Варшавада болгон тыңчылык чырынан кийин уланды.

Бир ай мурда польшалык атайын кызматтар Орусиянын кызыкчылыгына тыңчылык кылды деп айыпталган эки кишини кармаган.

XS
SM
MD
LG