Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:09

Сорос менен Атамбаев мындан аркы кызматташууну сүйлөштү


Президент Алмазбек Атамбаев америкалык финансист Жорж Соросту кабыл алып, мындан аркы кызматташууну талкуулады. Миллиардер менен мамлекет башчынын жолугушуусу 17-ноябрь күнү кечинде болгонун Президенттик аппараттын маалымат кызматы кабарлады.

Сорос дүйшөмбү күнү Борбор Азиядагы Америка университетинин студенттери жана окутуучулары менен жолуккан. Ал арада орусиячыл “Русский мир” коомунун өкүлдөрү Жорж Соростун Бишкекке келиши - өлкө эгемендигине доо кетиререрин айтып, акция да өткөргөн.

Жорж Соростун фонду ачык коом түзүү, демократияны өнүктүрүү максатында дүйнөнүн ондогон мамлекеттеринде ишмердик жүргүзөт. Соңку 20 жылда аталган фонд аркылуу Кыргызстанга 79 миллион долларлык жардам көрсөтүлгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG