Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:17

Сирияда 175 кыргызстандык жүргөнү аныкталды


Алардын арасынан онго жакыны каза тапты. Сирия өкмөтүнө колго түшкөндөр арасында да кыргызстандыктар бар. Бул тууралуу күч органдары билдирди. “Жихадга” деп кеткендердин 23ү аялдар.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары диний экстремисттик уюмдардын таасирине берилген аймак катары саналат. Адистердин айтымында, айрыкча Сузак, Өзгөн, Кара-Суу, Араван, Ноокат райондору, Ош жана Кызыл-Кыя шаарлары радикал топтордун өзгөчө таасиринде калган. Сирияга кеткендердин 90% ушул үч облустун тургундары.

17-ноябрда Ошто экстремизмге каршы күрөш боюнча Жогорку Кеӊештин көчмө жыйыны өткөн. Анда адистер радикалдуу агымдарга азгырылган жаштарды токтотуп калууга билимдүү диний ишмерлер аз экенин белгилешкен. (YI)

XS
SM
MD
LG