Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Кара-Балта мэрине козголгон иш сотко жөнөтүлдү


Кара-Балта шаарынын мэри Данияр Шабдановго козголгон кылмыш иш Жайыл райондук сотуна өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мэрге ушул жылдын 17-июлунда кылмыш иш козголгон. Анда мэрге Кылмыш кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган”, “Жер мыйзамын бузуу” деген беренелер боюнча айып тагылган болчу. Бул боюнча жакын арада сот башталат.(BkA)

XS
SM
MD
LG