Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:48

Ниязов: Чарбалык ишке президентти аралаштыруу туура эмес


Бул тууралуу президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, “Вечерний Бишкек” гезитинин кожоюну Александр Кимдин айыптоосу негизсиз жана президенттин соттук ишке эч кандай катышы жок:

- Биринчиден, бул маселе боюнча сүйлөгүм келбей калды. Анткени буга чейин бардык пикиримди билдиргем. Экинчиден, мындай чарбалык маселеге президентти аралаштыруу туура эмес. Азыркы учурда сот жүрүп жатыптыр. Биз ал жараянга кийлигишүүгө укугубуз да жок, - деди Ниязов.

Бүгүн “Вечерний Бишкек” гезитинин кожоюну Александр Ким бийлик басылманы өз көзөмөлүнө алууну көздөп жатканын билдирген. Ал гезитке байланышкан соттук иштердин артында президенттин айланасындагы адамдар турганын айтып чыккан.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-сентябрда аталган басылманын “Рубикон” реклама фирмасынын 50 пайыз акциясын мурунку негиздөөчүлөрдүн бири Александр Рябушкинге кайтаруу тууралуу чечим чыгарган. Анын негизинде Башкы прокуратура аталган фирмага таандык делген басылманын 48 пайыздык акциясын камакка алган. (BkA/TSh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG